КИПР
КИПР , К и п р Р е с п у б л и к а с ы – Батыш Азиядагы мамлекет; Кипр а-нда, Жер Ортолук деңиздин түн.-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Аянты 9251 км2. Калкы 1099,4 миң (2008). Борбору – Никосия. Расмий тилдери – грек ж-а түрк тилдери. Акча бирдиги – евро. Адм.-айм. жактан 6 округга (епархийге) бөлүнөт.
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2005)К-дин аймагынын 36%ке жакын аянтын (а. и. Кириния округу, о. эле Фамагуста округунун бир аз бөлүгү кошо) Түркия ээлеп алган (к. Түндүк Кипр Түрк Республикасы; ТКТР); анын

аймагында 280,2 миң калк жашайт. Борбору – Никосия (шаардын түрктөр жашаган бөлүгүнүн
калкы 52 миң). Расмий тили – түрк тили; акча
бирдиги – түрк лирасы. ТКТР адм. жактан 5
округга бөлүнөт. Аймагынын 2,7% аянтын Британиянын аскер базасы ээлейт.
К. – БУУнун (1960), Шериктештиктин (1961),
ЭВФтин (1961), Эл аралык реконструкция ж-а
өнүгүү банкынын (1961), Европа Советинин (1961), Европа коопсуздугу ж-а кызматташтык уюмдун (1973), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), Европа союзунун (2004) мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү
. К. – де-юре унитардык мамлекет. К-дин конституциясы 1960-ж. 16-августта кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик респ. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы – президент (35 жаштан жогору К. жараны президенттикке кандидатурасын коюуга укуктуу, конституция б-ча президенти – кипрлик грек, вице-президенти – кипрлик түрк болуу керек, жалпы жашыруун добуш м-н 5 жылга шайланат). Мыйзам чыгаруучу бийликтин жогорку органы – бир палаталуу парламент (Өкүлдөр палатасы). 80 депутаттан турат (56 депутаты – кипрлик грек, 24 орунга кипрлик түрк). К. Респ-нда көп партиялуу система орун алган. Негизги саясий партиялары: К. эмгекчи элинин прогрессчил партиясы, Демокр. чогулуш, Демокр. партия, Соц. партия.
Табияты
. Жээги негизинен түзөң, түндүгүндө аскалуу ж-а тик. Тоолуу рельеф басымдуу. Түндүгүн жээктей дээрлик 150 км аралыкка Кириния кырка тоосу (бийикт. 1024 мге чейин) ж-а жапыз (383 мге чейин) Карпас тоо массивдери созулуп жатат. К-дин борб. ж-а түш. бө-

лүктөрүн тармактанган Троодос тоо массиви ээлейт; анын бийикт. 1951 м (Олимбос чокусу –
К-дин эң бийик жери). Троодос массивин түндүктөгү тоолордон дөңсөөлүү Месаория түздүгү (деңиз деңг. 200 м бийикте) бөлүп турат. Түздүктө акиташ тектүү платолор кездешет, чыгышын жантайыңкы аллювий түздүгү түзөт. Аралды жээктей кууш түздүктөр созулуп жатат.
К. аралы тектон. жактан кайнозойдогу Альп–
Гималай кыймылдуу алкагынын бир тармагы болгон – Динара-Зонд зонасында жатат. Негизги кен байлыктары: жез кенташы, чопо (бентонит ж. б.), цементтик акиташ теги ж-а мергель, гипс, пирит, перлит, мрамор, курулуш материалдары (таш, шагыл ж. б.).
Аймакка субтропиктик жер ортолук деңиздик климат мүнөздүү; жайы ысык, кургакчыл, июлдун орт. темп-расы 25–35°С, кышы жумшак, салыштырмалуу жаанчыл, январдыкы 10–12°С,
тоолордо абанын темп-расы –7°Сге чейин
төмөндөшү мүмкүн. Жаан-чачындын жылдык орт. өлчөмү Месаория түздүгүндө 300–400 ммден Троодос тоолорунда 1000–1100 ммге чейин. Кургакчыл мезгилдери да болот. Тоо капталдарында 1000 м бийиктен жогору кар жаайт, Троодос тоолорунун түн. капталдарында кар катмары пайда болуп, ал 4 айга чейин жатат. Агын сууларынын көбү негизинен жамгыр сууларынан куралып, Троодос тоосунун капталдарынан башталат. Дарыя нуктары кышкы жамгырдан кийин гана сууга толуп, жайында бардык агын суулары соолуп калат. Кышында ж-а жазында суусу ташкындайт. Жыл сайын калыбына келүүчү суу ресурстары чектелүү (1 км3 чамасында), ар бир адамдын суу м-н камсыз болуусу жылына 900 м3ден ашык. Жыл сайын 200 млн м3ден ашык суу пайдаланылат, анын 74%и а. ч-нда (негизинен сугатка), 23,7%и коммуналык-тиричиликте, 2,3%и
ө. ж. ишканаларында керектелет.
Тоо капталдарында мелкозёму аз таштак топурак пайда болот. Тоо этектеринде ж-а түздүктөрдө күрөң, кургакчыл түздүктөрдө бозомуккүрөң топурактар өрчүгөн. Мурда аралдын басымдуу бөлүгү токой м-н капталып, «жашыл арал» аталчу. 21-к-дын башында токой тоолордо гана сакталып, өлкөнүн аймагынын 19% аянтын ээлеп калган. 2,5 миң га жерге токой көчөттөрү (эвкалипт, ак акация) отургузулган. Жапыз тоолордо эмен, ак чечек, кожогат дарагы ж. б. өскөн жазы жалбырактуу токой массивдери кездешет. 900–1000 м бийиктен жогору
ийне жалбырактуу субтропиктик токой басымдуу; алар алеп ж-а троодос кызыл карагайы, кедр (бал карагай), кипарис, арча. Тоо өрөөндөрүндө олеандр, тамариск өсөт. Түздүктөрдө ж-а 500 м бийиктикке чейинки тоо этектеринде экинчи жолку дайыма жашыл дарактар ж-а бадалдар (жыгач мисте, ладанник, арчалуу маквистер) таралган. Зор аянтты тимьян, розмарин, көк шимүүр, лавандадан турган гарига формациясы ээлейт. Кириния кырка тоосунун, Карпас тоосунун кургакчыл түш. капталдарында, о. эле Масаория түздүгүндө катуу чөптүү талаалашкан өсүмдүктөр таралган. Күрдүү топурактуу
өрөөндөрүнүн ж-а тоо этектерининин басымдуу бөлүгүн дан эгиндери, цитрус ж-а зайтун дарактарынын плантациялары, дөбөлөрдүн атайын тектирленген капталдарын, Троодос тоосунун этектерин жүзүм, зайтун ж-а мүйүз дарак плантациялары ээлейт. Өсүмдүктөрүнө мүйүздүү майда жандыктар көп зыян келтирет. Аралдын түн. бөлүгүндө токойго эчки жаюуга тыюу салынган. Коргоого алынган табигый аймактар өлкөнүн аймагынын 8,3% аянтын ээлейт; алар негизинен токой парктары (Троодос, Афаласа) ж-а аңчылык резерваттары. Коргоого алынган деңиз акваториясынын аянты 2,27 миң га. Туздуу Ларнака көлү эл аралык маанидеги суу-саз жерине киргизилген.
Калкы
. К-дин негизги калкын өлкөнүн түштүгүндө жашаган кипрлик гректер (66,9%) ж-а түн. бөлүгүндө жашаган кипрлик түрктөр (21,8%) түзөт. Алардан башка англистер ж-а шотланддар (7,2%), арабдар (2,8%) жашайт. Калктын табигый өсүүсү 0,52% (2008). Төрөлүүнүн саны кыскарууда (2008-ж. 1000 адамга 12,6 бала; 1996-ж. 15,4 бала болгон), ал эми өлүм-житим 20-к-дын аягынан туруктуу (7,8 адам). Курактык структурасында 65 жаштан ашкандардын саны өсүүдө (2008-ж. 12%, 1996-ж. 11%), ал эми 14 жашка чейинки балдардын саны кыскарууда (2008-ж. 19,5%, 1996-ж. 25%); эмгекке жарамдуу курактагылар (15–64 жаштагылар) 68,5% (1996-ж. 64% болгон). Калкынын орт. курагы 35,3 жыл (2008), күтүлгөн орт. узактыгы 78,3 жыл (эркектердики 75,8, аялдардыкы 80,7 жыл). Эркектер м-н аялдардын саны тең чамалаш. Калкынын орт. жыштыгы: 1 км2 жерге 118,9 адам. Шаар калкы 69,7% (2006). Ири шаарлары (2008): Никосия (калкы 213,0 миң), Лимасол (166,6 миң), Ларнака (52,3 миң), Пафос (40,9 миң). Калктын көпчүлүгү (80%ке жакыны) православный христиандар, 19%и бир аз башка диндегилер бар.
Тарыхы
. К-ди адамдар неолит доорунан мекендей баштаган. Жез кендерине бай ж-а геогр. абалы ыңгайлуу болгондуктан, К-ликтер коло доорунда кошуна мамлекеттер ж-а элдер м-н соода, маданий байланыштарын өнүктүргөн. Соңку коло доорунда К-де эгей мад-тынын таасиринде таптык коом калыптана баштап, кипр-миной жазуусу түзүлгөн. Бул процесс ахей ж. б. басып алуучулардын басып киришин тездеткен. Б. з. ч. 9-к-да аралда финикийликтердин колониясы

пайда болгон. Б. з. ч. 8-к-дын аягында К-ди Ассирия, 560-жылдары египет фараону Яхмос II, 6-к-дын ортосунда Ахемениддер басып алган. 333–323-ж. Александр Македонскийдин мамлекетинин курамына кирген. 294-жылдан египеттик Птолемейлер мамлекетинин провинцияларынын бири болгон. Б. з. ч. 58-ж. К-ди Рим караткан. Б. з. 330-жылдарынан Византия империясынын бийлигине баш ийип, 1-к-дын ортосунда Апостолдук кипр чиркөөсү уюшулган. 647-ж. К-ди арабдар, 965-ж. кайрадан Византия, 1191-ж. кресттүүлөр (к. Кресттүүлөр жортуулдары) басып алып, 1192-ж. аралда фр. Лузиньяндар династиясынын өкүлдөрү башкарган Кипр королдугу түзүлгөн. 1489–1570-ж. Венеция, 1571–1878-ж. Осмон империясы, 1878–1959-ж. Улуу Британия үстөмдүк кылган. 1878-ж. 4-июнда Улуу Британия м-н Түркия «коргонуу уюму жөнүндө» жашыруун келишим түзүп, К-ге британиялык аскерлер жайгашкан. Бийлик британиялык министрлердин колуна өтүп, соттукадм. реформалар жүргүзүлүп, жогорку сот ж-а жерг. өзүн өзү башкаруу органдары – Мыйзам чыгаруучу ж-а Аткаруучу кеңештери шайланып, 1882-ж. конституция кабыл алынган. 1925-ж. К. британиялык колония статусуна ээ болгон. 19-к-дын аягында колониялык эзүүгө каршы кипрлик гректердин улуттук-боштондук кыймылы күч алып, алар Грекияга кошулууну талап кылышкан. 1931-ж. гректердин көтөрүлүшүнөн улам, британиялык бийлик конституциянын ишин токтотуп, жерг. өзүн өзү башкаруу уюмдарын таркаткан. 1954–58-жылдары Кипр маселеси БУУнун Генералдык Ассамблеясында бир нече жолу талкууланган. 1959-ж. февралда Цюрихте Грекия м-н Түркия, Лондондо Улуу Британия, Түркия ж-а Грекия (грек ж-а түрк жамааттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда) К-дин өз алдынча мамлекет болушу ж-дө келиши мге кол койгон. 1960-ж. 16-августта К. көз карандысыз респ. деп жары ял анып, Б УУга мү чө болгон. К-дин президенттигине архиепископ Макариос III, вице-президенттигине Ф. Кучук шайланган. 1960-ж. жаңы и штел ип чыккан конституциянын долбоору б-ча грек ж-а түрк жамааттары мамлекетти башкарууда бирдей укукка ээ болгон. 1963-ж. грек жамааты конституцияны кайра карап чыгуу, мамлекетти борбордоштуруу талабын коюшуп, ага кипрлик түрктөр каршы чыккан. Конституциялык кризис куралдуу тирешүүгө алып келип, Улуу Британия, Түркия ж-а Грекия К-ге аскерлерин киргизген. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1964-ж. марттагы резолюциясына ылайык тынчтыкты сактоо үчүн К-ге БУУнун аскер күчтөрү киргизилген. 1974-ж. 15-июлда К. реакциясы Грекияга таянып, Макариос IIIнүн өкмөтүнө каршы куралдуу козголоң чыгарган. К-лик түрктөрдүн кызыкчылыгын жактоону шылтоолоп, 1974-ж. 20-июлда К-ге түшүрүлгөн түрк аскери өлкөнүн түн. бөлүгүнүн 40%ин басып алган (200 миң жерг. грек өлкөдөн куулган). 1975-ж. 1-февралда түрк жамаатынын жетекчилиги түрктөр көзөмөлдөгөн аймакта Р. Денкташ башында турган К. Түрк федерациялык мамлекетин жарыялаган. К-ге Түркиядан 50 миңдей киши көчүп келген. 1975-ж. Грекия м-н Түркиянын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде К. демаркациялык линия б-ча экиге бөлүнгөн. Грек м-н түрк аймактарынын ортосунда буфердик зона түзүлүп, БУУнун куралдуу күчтөрү көзөмөлдөгөн. Грекиядагы аскердик хунта кулагандан кийин 1974-ж. Макариос III президенттик милдетин аткарууга киришкен. 1977-ж. февралда Макариос III м-н Р . Денкташт ын орт осундагы сүйлөшүүлөрдө К-де федерациялык респ. түзүү ж-дө макулдашууга жетишилген. Бирок Макариос III өлгөндөн кийин анын мураскери Киприану м-н Денкташтын ортосундагы пикир келишпестиктен, бул маселе ишке ашкан эмес. 1983-ж. 15-ноябрда Түн. Кипр Түрк Респ-нын (ТКТР) түзүлгөндүгү расмий түрдө жарыяланган. Аны Түркиядан башка дүйнөдө бир дагы мамлекет тааныган эмес. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1983-ж. 18-ноябрдагы резолюциясы ТКТРдин мыйзамсыз түзүлгөндүгүн билдирген. 2004-ж. К. респ. Европа Союзуна, 2008-ж. евро аймагына кирген. 2008-ж. президенттикке Д. Христофиас шайланган.
Чарбасы
. 1974-жылдан К-дин чарбалык комплекси экиге – грек. (К. Респ.) ж-а түрк. (ТКТР)
секторлоруна бөлүнөт. К. Респ. өнүккөн чакан мамлекеттердин курамына кирет. ИДПнин көлөмү 21,4 млрд доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 27,4 миң доллардан туура келет. ТКТРдин ИДПсинин көлөмү 1,9 млрд доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 11,8 миң доллардан туура келет; Түркия жыл сайын ТКТРге берген жардамы орто эсеп м-н 400 млн долларды түзөт (ал ТКТРдин бюжетинин 1/
бөлүгү).
Адамзат өнүгүүсүнүн индекси 0,903 (2005; дүйнөдөгү 177 өлкөнүн ичинен 28-орунду ээлейт). Экономикасынын структурасы постиндустриялуу өлкөлөр үчүн мүнөздүү: ИДПнин 78%и тейлөө
чөйрөсүнөн, 19,2%и ө. ж-нан, 2,8%и а. ч-нан
түзүлөт (2007). 21-к-дын башында макроэкон. саясатынын, монополиясыздаштыруунун, энергетикалык секторду модернизациялоонун, адистерди даярдоонун жогорку деңгээлинин (25–29
жаштагы калктын 44,4%и жогорку билимдүү; Европа союзуна кирген өлкөлөрдүн орт. деңгээли 28%) ж. б. чаралардын натыйжасында бир топ ийгиликтерге жетишти. ИДПнин накта
өсүшү 2007-ж. 4,4%ти түздү.
Ө. ж. продукциясынын жалпы наркы 3,2 млрд евродон ашык (2006). Чакан ж-а орто чоңдуктагы ишканалар басымдуу. Ири өндүрүштөрдүн басымдуу бөлүгү борб. агломерацияда ж-а Лимасолдо топтолгон. Ө. ж-нын негизги тармактары: тамак-аш, металлургия, химия, полиграфия, жеңил (а. и. текстиль, булгаары-бут кийим), минералдык сырьёлор ж-а курулуш материалдар өндүрүшү. Отун-энергетикалык баланстын 89%и нефтиге ж-а нефть продуктуларына, 7,5%и көмүргө, 3,5%и энергиянын альтернативалык булактарына таандык (2004). Энергияны негизги керектөөчүлөр: транспорт (54%) ж-а ө. ж. (20%). Отун-энергетикага болгон муктаждык толугу м-н импорттун эсебинен к анаат т андырылат . Гел иоэнер гет ик а т ез
өнүгүүдө (К-де жылдын 340 күнү күнөстүү); күн батереясынын ар бир адамга туура келген аянты (0,86 м2) б-ча К. дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт: турак жайдын 96%ке жакыны, отелдердин 53%и күн батереясы м-н жабдылган. Шамал энергия курулмасынын аныкталган кубаттуулугу 58 МВт; май өсүмдүктөрүнүн биомассасынын негизинде өндүрүлгөн биоотун 7,5 миң тдан ашык (2006). Электр станцияларынын аныкталган кубаттуулугу 988 МВт. 2005-ж. 4,6 млрд кВт. с электр энергиясы
өндүрүлүп, анын 4,1 млрд кВт.с өлкө ичинде
пайдаланылган (ТКТРде бул көрсөткүчтөр 998 млн кВт.с ж-а 797,9 млн кВт.с түзөт). Үч ЖЭС иштейт. Металлургия ж-а металл иштетүү импорттук сырьё м-н иштеп, болот ж-а алюминий продукцияларын даярдайт. Машина куруу
ө. ж. ички рынокко багытталган; негизги продукциялары: электр ж-а күн суу жылыткычтары, о. эле электр-тех. жабдуулар (трансформатор, электр мотору, генератор, электр өткөргүч ж-а кабель, телевизор антеннасы ж. б.), желдеткич техникасы, тоо кен ө. ж., а. ч., соода, полиграфия ө. ж. үчүн жабдуулар ж. б. Химия ө. ж. негизинен жер семирткич, пестицид, лак, боёк, о. эле мал багуу үчүн атайын каражаттарды,
ө. ж. химикаттарын, тазалоочу ж-а кир жуучу, парфюмерия-косметика каражаттарын чыгарат.
Целлюлоза-кагаз, полиграфия ө. ж-нын ж-а бас-
ма ишинин негизги борбору – Никосия. Текстиль ө. ж-нын туруктуу өнүккөн тармактары –
трикотаж ж-а тигүү өндүрүштөрү; булгаары ө. ж. сумка, чемодан, бут кийим чыгарууга адистешкен. Тамак-аш ө. ж. К. индустриясында маанилүү орунду ээлейт. Анда эт ж-а сүт продукцияларын, жашылча ж-а мөмө-жемиш консер-
валарын, ун ж-а нан-булочка азыктарын, өсүмдүк майын, туз, балык ж-а деңиз продукцияларын, мал чарбасы үчүн тоют чыгаруу басымдуулук кылат. Шарап жасоо эзелтен өнүккөн; К. шарап чыгаруу б-ча дүйнөдө 37-орунду ээлейт. Агр. продукциянын наркы 635,1 млн евро (2005). Жайы ысык ж-а кургакчыл болгондуктан, дыйканчылыгы сугатты талап кылат. А.
ч-га жарактуу жеринин аянты 202,4 миң га; анын айдалганы 144,3 миң га; кысыр аңыз 20,5 миң га, жайыт 0,4 миң га, иштетилбеген жер 33,6 миң га, каралбаган ж-а чөлдөшкөн жер
3,6 миң га (2005). А. ч-нын башкы тармагы –
өсүмдүк өстүрүүчүлүк. Анын ичинен эң өнүккөнү – жүзүмчүлүк ж-а цитрус өстүрүү. Жүзүм
өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө тоо капталдарында, негизинен майда чарбалар т арабынан
өстүрүлөт (2005-ж. 80,9 миң т жыйналган). Аралдын түш.-батыш бөлүгү – жүзүмчүлүктүн негизги мекени. К-де жүзүмдүн жогорку сапаттуу эндемиялык 15ке жакын сорту (негизгиси Мавро сорту) ж-а 60ка жакын европ. сорту өстүрүлөт. Жүзүмдүн басымдуу бөлүгү шарап үчүн пайдаланылат. Шарапты негизинен Германия ж-а Швецияга экспорттойт. Цитрус өсүмдүктөрүнүн плантациялары негизинен Лимасол ж-а Пафос региондорунда жайгашкан. Жалпы жыйымы
142 миң т (2005); алар: танжерин, мандарин, клементина, сатсума, апельсин, грейпфрут, помело, лимон, лайма; негизинен Улуу Британияга экспорттойт. Картөшкөнүн да экспорттук мааниси зор, аны негизинен Улуу Британия, Германия, Бельгияга сатат. Ички керектөөгө арпа, дарбыз, помидор, бадыраң, алма, буудай, банан, пияз, капуста, шабдаалы, нектарин, анжир, ашкабак, маш буурчак, сулу ж. б.
өстүрүлөт. Мал чарбасы негизинен ички рынокко багытталган, көбүнчө тоолуу аймактарга мүнөздүү. 2005-ж. 429,7 миң чочко, 329,3 миң эчки, 268,9 миң кой, 57,8 миң кара мал, 2,8 млн үй кушу асыралган. Балык ж-а деңиз продуктуларын негизинен сырттан сатып алат.
Тейлөө чөйрөсү өлкөнүн экономикасындагы
ири ж-а туруктуу өнүккөн сектор (ИДПнин 78%и). Эң маанилүү секторлору: финансылык тейлөө (кыймылсыз мүлк м-н операцияны кошо; ИДПнин 17%и), дүң ж-а чекене соода

(11,2%), туризм, мейманкана бизнеси ж-а коомдук тамактануу (9,8%), мамл. башкаруу ж-а коргонуу (8,8%), транспорт (8,5%), курулуш (7,5%). К-дин кредиттик мекемелер системасы Борб. банкты, коммерциялык банктарды, чет өлкөлүк банктардын 27 филиалын камтыйт. К. фонд биржасы 1996-ж. уюшулган. 500гө жакын офшордук компания иштейт, көбү дүң ж-а чекене соода, кыймылсыз мүлк операциясы чөйрөлөрүндө аракеттенет. Туристтик индустрия –
К-дин экономикасынын маанилүү тармактарынын бири. 2007-ж. туризмден түшкөн киреше 1,8 млрд еврону түзгөн; жыл сайын туристтик инфраструктураны өнүктүрүү үчүн 20 млн евро бөлүнөт. Жыл сайын К-ге 20 млндон ашык турист келет, алардын 90%и – европалыктар.
Туристтик негизги зоналары – Пафос, Айя-Напа,
Паралимни, Лимасол, Ларнаки, Никосия региондору. К-де 900дөн ашык туристтик мекеме иштейт (2006); алар: түрдүү класстагы мейманканалар, туристтик айылдар, кемпингдер, мотелдер, отелдер ж. б. Жайкы дарылоо-ден соолукту чыңдоо (пляждык) туризми басымдуулук
кылат. Спорттук-оюн-зоок туризми – яхтинг,
дайвинг, гольф тез өнүгүүдө; Европадагы ири аквопарктардын бири К-де жайгашкан. О. эле агротуризм, көптөгөн арх-ралык-тарыхый эстеликтер туристтерди өзүнө тартат.
Автомобиль жолунун уз. 14 630 км, анын 1340 кми ТКТРге таандык. Жогорку ылдамдык автомагистралдарынын уз. 257 км (эң маанилүү
магистралы – Никосия–Лимасол, уз. 82 км).

К-де 16 аэропорт бар; эл аралык аэропорттору Ларнак м-н Пафосто жайгашкан. Негизги деңиз порту – Василико. Деңиз флотунда 857 кеме
бар; башка өлкөлөрдүн желеги м-н 139 кеме жүрөт. К-де офшордук кеме регистри (К-дин желеги м-н деңиз кемелери каттайт) иштейт:
өлкөнүн соода флотуна чет өлкөлүк 705 кеме
катталган.
Товардык экспорттун наркы 1,5 млрд доллар, импорттуку 7,8 млрд доллар (2007). Товардык экспорт наркынын 80%тен ашыгын а. ч. продуктулары (картөшкө, цитрус, жүзүм ж. б.) түзөт, башка товарлардан сыртка шарап, фармацевтика дары-дармектери, цемент, текстиль экспорттолот. Негизги сырткы соода шериктери: Грекия, Улуу Британия, Германия. Нефть продуктуларын, машина ж-а жабдууларды, зарыл товарларды Грекия, Италия, Улуу Британия, Германия, Израиль, Франция, Нидерланддан сатып алат. ТКТРдин товардык экспортунун наркы 68,1 млн доллар, импортунуку 1,2 млрд доллар (2007). ТКТРдин негизги сырткы
соода шериги – Түркия ( ага экспорт наркынын
40%тен ашыгы, импорт наркынын 60%и туура келет). Экспортунда а. ч. продукциялары (цитрус, картөшкө, курма) ж-а текстиль басымдуулук кылат. Түркиядан машина ж-а жабдуу, автомобиль, сырьё, отун, химикат, азык-түлүк, сигарета алат. Соода таңкыстыгы негизинен туризмден, чет элдик студенттерди окутуудан, чет
өлкөлүк инвестициядан ж. б-дан толукталат.
Маданияты
.Кипрдин б и л и м б е р ү ү с ү н Билим берүү жана маданият министрлиги жетектейт. Билим берүү системасы мектепке чейинки (3 жаштан 5 жашка чейин мамлекеттик, коомдук жана менчик бала бакчалар), 6 жылдык башталгыч орто, толук эмес (3 жылдык гимназия) жана толук (3 жылдык лицей, техникалык же кесиптик мектеп) орто билимди камтыйт. Башталгыч жана толук эмес орто билим берүү акысыз жана милдеттүү. Англис, француз, италян, армян, араб тилдеринде окутуучу мамлекеттик эмес, ошондой эле америка жана британиялык окуу программалары боюнча окутуучу мектептер бар. Адистик менен катар бакалавр даражасын бере турган 3 типтеги университет эмес жогорку окуу жайлар (коллеждер, институттар жана мектептер) бар. Калктын сабаттуулугу 15 жаштан жогору 99%ти түзөт (2005). Мамлекеттик университеттери: Фамагуст Чыгыш Жер Ортолук деңиз (1979), Никосиядагы Кипр (1989), Орто чыгыш техникалык университетинин (Анкара) филиалы (2005), мамлекеттик эмес университеттери: Никосиядагы Европа (1961), Фредерик технологиялык жана башка илимий мекемелери: Кипр изилдөө коому (1936), Айыл чарба изилдөө институту (1962), Изилдөө борбору (1967), Кипр-америка археологиялык изилдөө институту (1978), Кипр нейрология жана генетика институту (1990) жана башкалар. Никосияда Кипр китепканасы (1987), Мамлекеттик архив (1978) жайгашкан. Фамагуста, Лимасол жана башка шаарларында муниципалдык китепканалар, жогорку окуу жайлардын китепканалары бар. Музейлери: Кипр (1982), элдик искусство (1937), Византия музей жана искусство галереясы (1978), улуттук каршылык көрсөтүү музейи (1989), Кипр мамлекеттик заманбап искусство галереясы (1990) жана башкалар (баары Никосияда). Ларнакта археологиялык зергердик өнөр, Лимасолдо археологиялык музей (1948) жана башкалар бар. 1955-жылдан грек, англис, түрк тилдеринде гезиттер чыгат. 1953-жылы радио уктуруу, 1957-жылы телекөрсөтүү иштей баштаган. Телекөрсөтүүлөрдү жана радио уктурууларды «Cypzus Broad casting Corporation» (CYBC, 1953-жылдан) жана «Bayrak Radio Television Corporation» (BRT, 1963-жылдан) ишке ашырат. Маалымат агенттиги – Cyprus News Agency (CNA, 1976).
Кипр . элинин адабияты грек, түрк тилдеринде, ошондой эле грек тилинин Кипр диалектинде өнүккөн. Антикалык коомдо Кипрде (грек тилинде) жергиликтүү эпос жаралган; Троя согушу жөнүндө поэмадан «Кипр баяндары» үзүндүсү сакталып калган. Гомердик гимндер деп аталган «Афродита гимни» Кипрде пайда болгон деп болжолдонот. Биздин замандын IV–VI кылымдарында Кипр христиан адабиятынын (Епифаний Кипрлик, Кирилл Пафский жана башкалар) борборуна айланган. X кылымда «Дигенис Акрит» эпосунун кипр варианты түзүлгөн. XII кылымда элдик поэзия өнүккөн. XIV–XVI кылымдарда француз поэзиясынын таасириндеги сүйүү лирикасы («Ародафнуса» элдик поэмасы), XV–XVI кылымдарда тарыхый хроника жанры кеңири тараган. Түрктөр каратып алган мезгилде Кипрде элдик оозеки чыгармачылык өнүккөн. XVII кылымда жазуучу, архиепископ Илларион (Матфей) Кигаластын чыгармалары, XIX кылымда В. Михаилидистин ырлары белгилүү болгон. XIX кылымдын 2-жарымында романтизм, 1900-жылдары поэзияда авангардизм пайда болгон. Кипр диалектинде салттуу поэзияны Д. Липертис, П. Лиасидис жана башка акындар улантышкан. XX кылымдын ортосунда прозадагы негизги жанр новелла (А. Индианос, П. Ионнидис), 1950–1960-жылдары роман болгон. XX кылымдын 2-жарымынан Кипр поэзиясы менен прозасынын өнүгүшү М. Кралис, Э. Пеониду, М. Пиерис жана башка акын-жазуучулардын чыгармачылыктары менен байланыштуу. XX кылымдын аягындагы прозаик, акын жана драматург – К. Монтис. XIX кылымдын аягынан түрк тилиндеги адабият өнүгө баштаган. XX кылымда поэзия (Х. Х. Эфенди, М. Раджи жана башкалар), драматургия (Ф. Коркут, Ю. Улутуг жана башкалар), проза (О. Яшин, Х. Маполар жана башкалар) өнүккөн. О. Туркайдын лирикасы кеңири белгилүү болгон.
Байыркы Кипрдин көркөм маданияты Египет, Алдыңкы Азия мамлекеттери (өзгөчө Финикия), Грекия жана эгей дүйнөсүнүн искусствосу менен тыгыз байланышта. Биздин заманга чейинки 7–6 жана 4–3-миң жылдыктарга таандык тегерек курулган турак жайлардын (Хирокития, Калавасос-Тента; Эрими, Кисонерга-Мосфилия) калдыктарынан таш, сөөк эмгек куралдары табылган. Биздин заманга чейинки 3–2-миң
жылдыктарда карапа буюмдарын жасоо өнөрү жакшы өнүккөн. Коло доорунда (биздин заманга чейинки XVI–XIII кылымдар) турак жайлар жана шаарлар пайда болгон. Биздин заманга чейинки XIV–XIII кылымдарда кипр-микен искусствосу, биздин заманга чейинки XI кылымдын ортосунан – VIII кылымдын ортосуна чейин кипрлик-геометриялык стиль өнүгүп, биздин заманга чейинки VIII кылымдын ортосунан – биздин заманга чейинки 475-жылдары кипр-архаикалык доорунда Байыркы Египет, Ассирия, Персиянын көркөм салттарынын таасири күчөгөн. Кипр маданияты кипр-классикалык (биздин заманга чейинки 475-жылдар чени – 323), кипр-эллиндик (биздин заманга чейинки 323 –331-жылдар чени), кипр-рим (биздин заманга чейинки 31-жылдар чени – биздин замандын 330-жылдар чени) доорлорунда өз алдынчалыгын жоготуп, классикалык грек, эллин жана рим искусствосунун формаларында өнүккөн. Бул доордон көптөгөн эстеликтер сакталган. Арабдар басып алгандан кийин жаңы типтеги архитектуралык курулуштар (кумпалуу чиркөөлөр жана башкалар), византиялык доордо (965–1191) Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген Троодос тоосундагы оймо-чиймеленген, жазуусу бар чиркөөлөр пайда болгон. Түрктөр бийлеген доордо түрк архитектурасындагы мечиттер (Никосиядагы Араб-Ахметпашанын, Ашаги-Лаптадагы Хажи-Эмирдин, Фамагусте медресеси жана башкалар), XX кылымдын башталышында неоклассицизм стилиндеги курулуштар (Никосиядагы Кипр археологиялык музейи жана башкалар) курулган.
Кипр музыкалык маданиятынын негизин грек салттуу музыкасы түзөт. Композитордук музыканын жана музыка илиминин негиздөөчүсү – С. Михаилидис. Ал «Байыркы Грекия музыкасы» энциклопедиясын (1978, англис тилинде) түзгөн, Кипрлик гректердин элдик музыкасын изилдеген. «Навзикая» балетинин (1950), «Кипрликтин үйлөнүү тою» (1935), «Византиялык тартуу» (1944) жана башка хор жана симфониялык чыгармалардын автору. 1977-жылы Кипрлик композитор жазган биринчи опера (М. Хажилойзу, «Эркиндик») Ларнакта көрүүчүлөргө тартууланган. 1971-жылы Никосия музыкалык коому негизделген. Кипр радио уктуруусунун жана телекөрсөтүүсүнүн симфониялык (1968), «Лефкосия» филармониялык оркестрлери иштейт. Негизги музыкалык окуу жайы – Никосиядагы Кипр музыка академиясы (1956, анын алдында Жаз музыкалык мектеби бар). Академиялык жана жаз музыкасынын «Кипрдин музыка күндөрү» эл аралык (1997-жылдан), «Киприя» искусство (1990-жылдан), Никосия жана Лимасолдо искусство фестивалдары жыл сайын өткөрүлөт.
Ад.: Сокровища Кипра. Древнее искусство. Искусство средних веков. М. 1976; Иванова И. И. Республика Кипр. М., 1992; Кипр // Большая Российская энциклопедия. Т. 13. М., 2009.
Ө. Бараталиев, Ш. Керимова.