КАРАЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:24, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАЕВ Өмүркул [1930, Фрунзе (азыркы Чүй) облусу, Чүй району, Сайлык кыш – 19. 9. 2002, Биш­кек] – тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (1984), профессор (1994). 1953-жылы КМУну бүткөн. 1952– 58-жылдарда Ош облусунун мектептеринде мугалим, 1963–87-жылдарда Кыргыз ССР ИАнын тарых институтунда кен­же, улук, жетектөөчү илимий кызматкер, сектор баш­чысы, 1987–94-жылдарда кол жазмалар ж-а жарыя­лоо бөлүмүнүн башчысы, 1994–2002-жылдарда сектор башчысы болуп иштеген. Эмгектери байыркы ж-а орто кылымдагы кыргыз тарыхынын маселе­лерине, анын ичинде Моголстандын тарыхын изилдөөгө арналган ж-а кыргыз элинин этнос болуп түзүлү­шү, анын тарыхый хроникаларын аныктоодо сунуш кылган жаңы көз караштары бир топ талаш маселелерди чечүүдө маанилүү болуп эсеп­телет. Караев– кыргыз илимпоздорунун ичинен ал­гачкы араб таануучу. 50дөн ашуун илимий эмгек­тин (4 монография, 1 китеп) автору.

Эмг.: Арабские и персидские источники IX–XII вв. о киргизах и Киргизии. Ф., 1968; Арабо-персидские источники о тюркских народах. Ф., 1973; История Караханидского каганата (X – начало XIII вв.). Ф., 1983; Чагатайский улус, государство Хайду, Мого­листан. Б., 1994.