КИНШАСА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:24, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИНША́СА – Конго Демократиялык Республикасынын борбору, шаар. Конго (Заир) дарыясынын сол жээгинде жай­гашкан. Калкы 9,2 млн (2008; өлкөдөгү эң ири шаар). Ири жолдор тоому. Дарыя порту. Мата­ди деңиз порту менен автомобиль, темир жол Бразза­виль (Конго Республикасы) менен паром аркылуу байла­нышат. Эл аралык аэропорту бар. Шаардын экономикасынын негизин тейлөө чөйрөсү акы­рындык менен ээлөөдө. Киншасада өлкөнүн ири банкта­рынын офистери, чет өлкөлүк банктардын

Шаардагы башкы көчө.

өкүлчүлүктөрү жайгашкан. Машина, кеме ку­руу жана ремонттоо, металл иштетүү, жыгаччы­лык, химия (пластмасса, шина, самын), металл иштетүү, тамак-аш (ун, май), булгаары – бут кийим, жеңил, курулуш материалдар өнөр жай ишканалары иштейт. Кустардык кол өнөрчүлүгү (бет кеп, жыгач жана карапа буюмдары, паль­ма рафиясынан согулган буюмдарды даярдоо) өнүккөн. Шаар 1881-жылы африкалык изилдөөчү Г. Стэнли тарабынан негизделген. 1926–1960-жылдарга чейин Леопольдвиль аталган. 1966-жылдан азыркыдай аталат. 1971–1997-жылдары Заирдин, 1997-жылдан Конго Демократиялык Республикасынын борбору. Улут­тук университет (эң ири китепканасы, ядро изилдөө борбору жана тарыхый-этнографиялык музейи менен), илимий институттар (анын ичинде география, тропик медицинасы, геология кызматы), көркөм искусство улуттук ака­демиясы, музей, театр, ошондой эле бир нече мамлекеттик эмес жогорку окуу жайлар (анын ичинде Америка, протестант жана башкалар) бар. Зоопарк уюштурулган. Эл аралык театр фестивалдары жана күндөрү өткөрүлүп турат.