КИНОФИЛЬМДИ ҮНДӨШТҮРҮҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:16, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИНОФИ́ЛЬМДИ ҮНДӨШТҮРҮҮ – кино тасмадагы сөз, музыка жана башка түрдүү үндөрдү жазып алуу процесси. Кино тасманы үндөштүрүүдө үндөр кино тасманын сүрөтүнө дал келтирилип, тасма тартылгандан кийин жана тартылардан мурда жазылат. Үндү сүрөткө удаалаш дал келтирип жазуу процес­синде кино тартуучу жана үн жазуучу аппарат­тар экөө тең бир электрметр аркылуу кыймыл­га келтирилет. Үн режимдин командасы аркы­луу жазыла баштайт да, тартылуучу дублдин (пландын) баш жагына жана жазылуучу магнит тасмасына бир убакта белги коюлат. Мында жазылган үн актёрдун эрин кыбырашына дал келиши керек. Тасма тартылып бүткөндөн кийин үндөштүрүүдө тартылып бүткөн жана ку­раштырылган «жумушчу» позитив экранга түшүрүлөт да, аны карап турган актёрлор кый­мылга жараша текстти дал келтирип сүйлөйт. Ал сөздөр магнит тасмасына жазылат. Бул ме­тод синхрондоп сүрөткө удаалаш дал келтирип жазууга мүмкүн болбогон жерлерде колдонулат. Ушул ыкма менен кино тасма башка тилге да которулат. Кээде кино тасмалардын сөздөрү же үндөрү тартыла электе эле жазылып алынат да, кийин павильондордо ошол чыгарылган үнгө карата актёр өз ролун аткарат. Чыгармачылык жак­тан жакшы кадрлардан тасманын «жумушчу» позитиви түзүлөт. Магнит тасмасына жазылган фонограммалар да кураштырылат. «Жумушчу» позитив экранга көрсөтүлүп, ага дал келтири­лип фонограммалары угузулат да, бардыгы бир магнит тасмасына түшүрүлөт. Кайталанып жа­зылгандан кийинки магнит тасмасы (магнит оригиналы) башка фотографиялык тасмага көчүрүлөт. Лабораториялык иштетүүлөрдөн кийин кино тасманын негизги фотографиялык фонограммасы алынат.