КИНОТЕХНИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:27, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИНОТЕ́ХНИКА – техниканын кино тасмаларды чыгаруу, көбөйтүү жана көрсөтүү каражатта­рын жана ыкмаларын иштеп чыгуучу тармагы. Сүрөт тартуучу жана көрсөтүүчү алгачкы аппа­ратты 1895-жылы францууз ойлоп тапкычтар Луи жана Огюст Люмерлер жасашкан. Ал аппарат «кине­матограф» (грекче kinema – кыймыл жана ...графия – жазуу, башкача айтканда кыймылды жазуу) деп аталган. Бул аппараттын негизинде 1895-жылы Парижде эң би­ринчи кинотеатр ачылган. Кийин көп мамле­кеттерде ар кандай конструкциядагы тартуучу, көрсөтүүчү киноаппараттар пайда болуп, 1896-жылдан Франция, Англия, Россия, Бельгия, Германия жана башка өлкөлөрдө кино көрсөтүлө баш­таган. Алгачкы тасмалар үнсүз, түссүз жана көлөмсүз тартылган. 1929-жылы Советтер Союзунда А. Шорин, П. Тагер жана В.Охотников биринчи жолу кинону үндөштүргөн. Биринчи кинотеатр ачылгандан кийин кинематография өркүндөтү­лүп, көп жетишкендиктерге ээ болгон. Тасмалар үндүү, түстүү, кең экрандуу, кең форматтуу, стереофондуу, вариоскоптуу жана айланма пано­рамалуу тартыла баштаган. Кино чыгарууда жана көрсөтүүдө ар түрдүү аппараттар колдону­лат. Аларга кино тартуучу, үн жазуучу, плён­каны иштетип чыгаруучу, кино тасмаларды ба­суучу, көрсөтүүчү жана башка аппараттар кирет. Кино тартуучу аппараттар ар түрдүү конструкция­да түзүлөт. Алар көрүнүштөрдү (сүрөттөрдү) би­ринин артынан бирин улай тартып, аларды өз убагында плёнкага түшүрүп калууга ылайык­таштырылат. Бир секундда тартылуучу кадрлар­дын саны кино тартуунун тездиги деп аталат.
Азыр кинотехниканы үзгүлтүксүз өркүндөтүү – сүрөттү көр­сөтүүнүн жана үндү угузуунун сапатын жакшыр­туу, жарыкка өтө сезгич киноплёнкаларды түзүү, оптикалык басуу методу менен тасмаларды бир фор­маттан башка форматка өткөрүп, көчүрүүчү жаб­дууларды жакшыртуу багытында иштер жүргү­зүлүүдө. 1990-жылдардан негизинен видеокаме­ра колдонула баштады.