КИНОТАСМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:19, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИНОТАСМА , киноплёнка – бир нече катмар­луу, эки чети тепчилме тешик жана жарык сез­гич, ийилчээк тасма түрүндөгү материал. Ал – кино тартууда жана кино тасмалардын көчүрмөлөрүн басуудагы эң негизги каражат.

Кино тартуучу аппарат: 1) 70-КСК аппа­раты; 2) 3-КСХМ «Родина» аппараты; 3) 1-КСРШ «Конвас-автомат» аппараты; 4) 16-СП аппараты; 5) «Красноярск» ап­параты; 6) «Кварц-5» аппараты.

Плёнканын чийки заты – кебез. Плён­ка чыгаруучу химиялык заводордо кебез механика аралашмалардан бө­лүнүп, майы чыга­рылып, агартылып таза жуулат. Ал ук­сус кислотасына ара­лаштырылып, аце­тилцеллюлоза алы­нат. Ага ацетон ко­шулуп, коюу ара­лашма түзүлөт. Буга пластификатор зат­тарын (камфара, ди­этилфталат, три­фенилфосфат жана башкалар) кошкондо ийилчээк касиетке ээ болот. Коюу аралашма ата­йын машиналарга куюлуп, андан кинотасманын негизи алынат. Не­гиздин үстүнө ата­йын жасалган ара­лашмалар (эмуль­сия, ортоңку жана сырткы катмарлардын аралашмалары) маши­налар менен куюлат.

Ортоңку катмар плёнканын негизи менен эмульсияны (жарыкты сезүүчү кат­марды) тыгыз бириктирип, сырткы катмар плён­каны буралуудан сактайт. Плёнканын эң негиз­гиси – эмульсия катмары. Эмульсия таза жела­тинден алынат. Плёнкалар түстүү жана түссүз болуп бөлүнөт: биринчисине ДС-5М, ЛН-7, экин­чисине КН-1, КН-2, КН-3, КН-4 плёнкалары ки­рет, к. Кинотехника.