КИНОКОМЕДИЯ
КИНОКОМЕ́ДИЯ – кино искусствосунун бир түрү. Кинокомедияга турмуштагы айрым көрүнүштөрдү күлкүлүү кылып көрсөтүү мүнөздүү. Анын көптөгөн жанрдык формасы жана түрлөрү бар. Азыркы кинокомедияда коомдук жана моралдык маанилүү маселелерди көтөргөн сатиралык жана лирикалык элементтер камтылат. Дүйнөлүк кинокомедия искусствосунун өнүгүшүнө белгилүү актёрлор А. Дид (Италия), Ч. Чаплин (Америка Кошмо Штаттары), Фернандель (Франция), М. Пуговкин, Г. Вицин, Л. Гурченко, Е. Леонов, А. Миронов, А. Мягков, Л. Ахеджакова жана башкалар (Россия чоң салым кошкон. Кыргызстанда айрым көркөм тасмалардагы («Менин жаңылыштыгым», «Арман», «Айыл өкмөтү» жана башкалар) Ш. Түмөнбаевдин, А. Шаршеновдун, К. Абыловдун комедиялык ролдору таасирдүү.