КАРАГАЙ-БУЛАК АКИТАШ КЕНИ
КАРАГАЙ-БУЛАК АКИТАШ КЕНИ Чүй облусунун Кемин районунда, Жел-Аргы акиташ заводунан 40 км түндүк тарапта, Кастек тоосунун түштүк капталындагы Карагай-Булак суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 2600 м бийикте жайгашкан. Кен 1959–63-жылдарда геологиялык карта түзүүдө ачылган. 1964-жылы Түндүк Кыргыз геологиялык экспедициясы чалгындап, запасын аныктаган. Кен аймагында палеозой заманынын алгачкы мезгилиндеги акиташ, аргиллит, сланец, граувак кумдуктары ж-а конгломерат жатат. Кен синклиналдык түзүлүштө, тектоникалык майда жаракалар м-н тилмеленген акиташ тегинен турат. Катмардын калыңдыгы 325 м, узундугу 2,7 км. Технологиялык сапаты боюнча цемент даярдоого жарактуу ж-а 1-сорттогу аки алса болот. Баланстык запасы 11748 миң т (1975). Кен азырынча казылбайт.