КИЛЕМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:39, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИЛЕМ – түр салып кооздоп токулган, бир жак бети түктүү, үйдүн тушуна тартуу, полго төшөө же бир нерсенин үстүнө жабуу үчүн колдонулуу­чу буюм. Имараттын ичин жасалгалоо, жылуу­лоо жана үн өткөрбөө үчүн колдонулат. Килемдин кооздугу токулуу өзгөчөлүгүнө (түктүү же түксүз), материалдын түрүнө (жүн, жибек, кендир, ке­без жана башкалар), боёгуна, өлчөмүнө жана түс айкалы­шына жараша аныкталат. Килем түктүү жана түксүз болуп, вертикаль жана горизонталь станоктордо колго согулат (2 м2инин массасы 2,5; 3,2 кг же андан ашык) жана машина менен (1 м2инин масса­сы 1,8–2,2; 2,5 кг) даярдалат (к. Килем токуу).

5-Пазырык көрүс­төнүнөн табылган түктүү килем. Биздин заманга чейинки IV кылымдын ортосу. Ахеменид­дин Иран. Эрми­таж. Санкт-Петер­бург.

Жаккар машинасы менен жабдылган көп чөл­мөктүү станоктор түксүз килем токууда пайдаланы­лат. Жаккар машиналуу токуучу станоктордо бир эле маалда беш-алты түстүү килемдин өңү жана ичи даярдалып, анын өң жана ичинен эриш жип­тери аркак жиптерине илинип бекитилип, учу бычак менен кесилет. Килем токуу байыртадан (мындан 10–12 миң жыл мурда килемдин бойро түрү ке­ңири тараган) эле белгилүү.

Евразия көчмөндөрү биздин заманга чейинки 3–2-миң жылдыкта кийиз килемди жасап чыгарышкан. Кой чарбасы өнүккөн аймактар­да (Түндүк Месопотамия жана башкалар) түктүү килем жасоо ойлоп табылган. Биздин заманга чейинки IV кылымдын ортосуна таан­дык жогорку үлгүдөгү байыркы түктүү килем (ахе­мениддик Ирандын 5-Пазырык көрүстөнүнөн та­былган) дүйнөлүк музейде (Эрмитажда) сакта­лып турат. Килем Чыгышта (биздин заманга чейинки 1-миң жылдык­тын аягында Борбордук Азияда) кеңири таралып, килем токуу иштери Түштүк (Индия, Пакистан жана башкалар), Түштүк.-Батыш (Түркия, Иран жаана башкалар) жана Борбордук Азия (Кытай, Моңголия, Кыргызстан, Өзбекстан, Та­жикстан, Түркмөнстан жана башкалар), Кавказ (Азербай­жан жана башкалар), Түндүк Африка (Египет жана башкалар), Чыгыш Европа (Россия, Украина, Молдавия, Белорус­сия, Болгария, Румыния жана башкалар) жана Түндүк Евро­па (Финляндия, Швеция), Америка (инктер, на­вахолор) өлкөлөрүндө жакшы өздөштүрүлгөн. Азыркы учурда килем токуучу машиналардын өндүрүмдүүлүгү жогорулап, килемдин структура­сы жакшырып, аны бышык, түстүү жана бекем кылып жасап чыгаруу өркүндөтүлүүдө. Кыргыз­дар илгертен эле килем токуу менен алектенишкен. Кыргызстандын Лейлек, Баткен, Ноокат аймак­тарында килем токуу кеңири жайылган. Ошондой эле Кара- Балтада өнөр жайлык деңгээлде килем чыгаруучу ишкана иштейт. Килемдин көлөмү (ордо килем, калы килем, төр килем, төө килем, жайлоо килем жана башкалар), токулушу жана түр салынышы б-ча (жүл килем, арабы килем, ба­рак килем, куйма килем жана башкалар) бири биринен айырма­ланган түрлөрү бар, к. Килемчилик.

Ад.: Ленин Л. М., Свердлин В. И. Ковры и ковровые изделия. М., 1960; Уметалиева Ж. Т. Киргизский ворсовый ковёр. Ф., 1966; Руденко С. И. Древнейшие в мире художественные ковры и ткани. М., 1968; Зариф М. Ковры. М., 2006.