КЕРЭЭЗ ЫРЛАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:27, 21 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕРЭЭЗ ЫРЛАРЫ – оозеки чыгармачылыктагы каа­да-салт ырларынын түрү. Өлүм алдында жат­кан адам балдарына, жакындарына, тууган­-туушканына акыл-насаат, арман иретинде ке­рээз айтат. Ошондуктан ага чоң маани берилип, көркөм ырга, жомокко айландырылган. Жомок­тордогу, эпостордогу керээз ырларында баатырларга элди жоодон коргоо, эл ынтымагын сактоо тапшы­рылат. Эпикалык чыгармаларда каармандар ошол чыгарманын өзүндө да айтат (мисалы: «Ма­нас» эпосундагы «Көкөтөйдүн керээзи», «Мана­стын Каныкейге айткан керээзи», «Курманбек» эпосундагы «Курманбектин досу Акканга айт­кан керээзи», «Саринжи-Бөкөй» дастанындагы «Жамгырчынын Бөкөйгө Саринжини табышта­ган керээзи» ж. б.).