КАРА-ТЕКТИР КӨРҮСТӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:55, 21 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ТЕКТИР КӨРҮСТӨНҮ – биздин замандын I–VI кылымдарындагы хунн урууларынан же усундардан калган дөбө­-мүрзөлөр. Кетмен-Төбөдөгү Көөдүл кыштагынын жа­нында жайгашып, 350дөн ашык мүрзөдөн ту­рат. Казанактуу 80 мүрзө изилденген. Алардан карапа, жыгач идиштер, койдун жамбаш жана куймулчак сөөктөрү, бычак, жаа, темир учтуу жебелер, темир тогоо, акак таш чөгөрүлгөн ал­тын сөйкө табылган. 1959, 1964–1965-жылдары архео­лог Ы. Кожомбердиев казып, изилдеген.