КЕСТИК – кынга салынып, курга байлануучу бычак. Шамшардан чаканыраак, жалкыны калыңча, темири курч металлдан, сабы мүйүздөн же жыгачтан, толтосу темирден жасалган. Тиричиликте, мергенчиликте жана жоокерчиликте керектелген.