КЕРКИРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:16, 21 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕ́РКИРА – Грекиядагы шаар. Керкира ному­нун (административдик-аймактык бирдик) администрация борбору. Керкира (Корфу) аралында жайгашкан. Калкы 25,6 миң (2008). Иония деңизиндеги порт. Эл аралык аэро­порту бар. Биздин заманга чейинки IV кылымда негизделген. XIX кылымдын неоклассикалык архитектура комплекстери менен ай­ырмаланат. Шаардын борбордук бөлүгүндөгү орто кы­лымдын курулуштары Бүткүл дүйнөлүк мурас­тар тизмесине киргизилген. Шаар ландшафты­нын эки доминантасына Эски (Пале-Фьорио) жана Жаңы (Нео-Фьорио) венециялык чептер кыз­мат кылат. Эски чепте (1550–1559; учурда музей) Ыйык Георгий чиркөөсү жана башкалар жайгашса, жа­ңысында туризм өнүгүп, Грекиянын Аскер-де­ңиз флоту жайгашкан. Керкиранын башкы аянтында Ыйык Михаил жана Георгий ак сарайлары (1819–1824), музыкалык павильон, монумент, чиркөөлөр, Агиа-Керкира базиликасынын урандылары жаана башкалар бар.

Шаардын жалпы көрүнүшү, арткы планда эски чеп.

Шаардын экономикасынын негизин турист бизнеси түзөт. Тамак-аш (сүт, эт, май­, сыр; кинкандан ликёр даярдалат), текстиль өнөр жай ишканалары жана самын кайнатуучу завод иштейт. Деңизден балык кармалат. Иония ун­ти (1824, Иония академиясы; 1985-жылдан азыркыдай аталат), музейлер (анын ичинде археология, карапа, банкнот жана башкалар), искусство галереясы, театр­лар бар. Фестивалдар жана жыл сайын карна­валдар (XVII кылымдан) өткөрүлүп турат. Аквапарк курулган. Шаардан түштүктө Артемида дорий (биздин заманга чейинки VI кылымдын башы) жана Гера храмдары­нын урандылары (биздин заманга чейинки IV кылым) жана башкалар сакталган. Керкирадан батышта маанилүү курорт борбору Палео­кастрица жайгашкан.