КЕРИМБЕКОВ Күлчоро
КЕРИМБЕКОВ Күлчоро (22. 12. 1922, азыркы Чүй облусу, Жайыл району, Кум-Арык айылы – 26. 5. 1989, Фрунзе) – живописчи, Кыргыз ССР искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (1982).

,Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Самарканддагы көркөм сүрөт окуу жайын (1947), И. Е. Репин атындагы Санкт-Петербург живопись,айкел жана архитектура институтун (1953) бүтүп, Фрунзедеги С. Чуйков атындагы көркөм
сүрөт окуу жайында окутуучу болгон. К. Керимбеков пейзажда, жанрдык картинада, портретте иштеген. Камералык, лирикалык жана индустриялык пейзажды («Ысык-Көл кечи», «Токтогул гидроэлектр станциясынын курулушу», «Чоң бетон заводу», «Бадам гүлдөдү», «Палангадагы күз», «Неман дайрасы» жана башкалар) өнүктүргөн. «Жылкычы Алымкул», «Балыкчылар», «Кыргызстандын жүзү» тематикалык картиналар сериялары, А. Үсөнбаев, академик С. Табышалиев, К. Молдобасанов, С. Ногоеванын портреттери Кыргыз

мамлекеттик көркөм сүрөт жана Москва, Санкт-Петербург, Алматынын музейлеринде сакталуу. Ал көптөгөн жергиликтүү жана эл аралык көргөзмөлөргө катышкан. Кызыл жылдыз ордени жана медалдар менен сыйланган. Бишкектин бир көчөсүнө ысмы берилген (2000).