КАРА-ТАЛАА
КАРА-ТАЛАА – Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы кыштак. Улакол айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1647 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Бөкөнбаев кыштагынан 63 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 23 км. Калкы 3132 (2022); негизинен мал м-н алектенип, тоют даярдашат. Орто мектеп, китепкана, оорукана, дарыкана бар. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры Т. Исмаилов туулган.