КАРА-СУУ КОРУКЧАСЫ
КАРА-СУУ КОРУКЧАСЫ – Аксы районундагы аңчылык корукчасы (заказниги). Ат-Ойнок кырка тоосунун түштүк-батыш капталында, Кызыл- Суу, Түндүк сууларынын (Кара-Суунун сол куймалары) алаптарын ээлейт. Аянты 62,6 миң га. Азайып бараткан доңуз, элик, тоо эчки, улар, чүткөр ж. б. жапайы жаныбарларды коргоо ж-а көбөйтүү максатында 1973-жылы уюшулган.