ДОҢУЗ КОРГОШУН КЕНИ
ДОҢУЗ КОРГОШУН КЕНИ Нарын облусунун Жумгал районунда, Ак-Улак кыштагынын түштүк-чыгышында, Молдо-Тоонун түндүк жак бетинде. Кен аймагын карбон мезгилинде пайда болгон доломит жана доломиттешкен акиташ теги түзөт. Бул тектер бүктөлүүгө дуушарланып, антиклиналдык түзүлүштү пайда кылган. Анын түштүк канаты жылышуулар тибиндеги жаракалар менен тилмеленген. Кенташ тилкеси брекчияланган жаракаларда топтолуп, тарам, линза, уя түрүндө жатат. Узундугу 500 м, калыңдыгы 0,5–2 м. Кендин түндүк- батыш жагы элювий-делювий чөгүндүсү менен жабылып калган. Чыгыш тарабы кууштап, жок болот. Негизги минералы: галенит, сфалерит, пирит, халькопирит ж. б. Кенташ тилкесинин үстүнкү бөлүгү кычкылданууга дуушарланган.