КАРА-СУУ (Кара-Буура районун­дагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:52, 20 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-СУУ – Талас облусунун Кара-Буура районун­дагы кыштак. Бейшеке айыл округуна ка­раштуу. Кара-Суу суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 880 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кы­зыл-Адыр кыштагынан 8 км. Маймак темир жол бекети­нен 65 км. Кыштак 1930-жылы негизделген. Калкы 2956 (2007); негизинен мал чарбасы м-н алекте­нип, дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана бар. Мончо, ФАП, тегирмен иштейт.