КАРА-СУУ (Ат-Башы районун­дагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:30, 20 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-СУУ – Нарын облусунун Ат-Башы районун­дагы кыштак. Кара-Суу айыл округунун борбо­ру. Кошой-Коргон тоосунун этегинде, Бишкек –Торугарт автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 2140 м бийикте жайгашкан. Райондун бор­бору Ат-Башы кыштагынан 20 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 246 км. Кыштак 1929-жылы негизделген. Калкы 4531 (2007); неги­зинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китеп­кана, спорт комплекси бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, ФАП, байланыш бөлү­мү, соода түйүндөрү иштейт. Улуу Ата Мекен­дик согушта курман болгондорго эстелик тургу­зулган. Кыштакта КРдин эл артисти К. Кара­сартова туулган.