ДОНЕЦК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:21, 20 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОНЕ́ЦК (1924-жылга чейин Юзовка, 1929-жылга чейин Сталин, 61-жылга чейин Сталино) – Украинадагы шаар (1917-жылдан). Донецк облусунун административдик борбору. Кальмиус дарыясынын боюн­да, Донбасстын борбордук бөлүгүндө. Калкы 935 миң (2019). Темир жол тоому. Көмүр казып алынат. Кара жана түстүү металлургия, машина куруу (тоо-кен, металлургия ж. б. өнөр жайы үчүн жабдуу, муздат­кыч, кабель, велосипед ж. б.), химия (химиялык-реак­тив, пластмасса жана башка заводдору), кокс-химия, та­мак-аш–татымал, жеңил (анын ичинде кебез кездеме) өнөр жайы өнүккөн. Украина Илимдер академиясынын илимий борбору.
Беш жогорку окуу жайы (анын ичинде университет), 3 театр (анын ичинде опера жана балет театры), мекен таануу, көркөм сүрөт му­зейи бар. 1869-жылы негизделген.