ДОНЕЦ ТОКОЛ ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:02, 20 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОНЕ́Ц ТОКОЛ ТООСУ – Чыгыш Европа түздүгүнүн түштүгүндөгү дөңсөө. Түндүк-батыштан түштүк-чыгышты карай 370 кмге созулат. Бийиктиги 367 мге чейин (Бейит-Мечит чокусу). Негизинен таш көмүр мезгилинде пайда болгон кумдук, аки­таш жана сланец тектеринен турат. Алар менен кө­мүр кени (Дон көмүр бассейни) байланыштуу. Дарыя аралык күдүрлүү түздүктөр жана терең (150 мге чейин) дарыя өрөөндөрү мүнөздүү. Кал­дык дөбөлөр – «бейиттер», жалчалар кездешет. Карст кубулушу өөрчүгөн. Жазы жалбырактуу (эмен, ак чечек) токой жана талаа өсүмдүктөрү өсөт.