КАРА-САН КОРУКЧАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:05, 20 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-САН КОРУКЧАСЫ – Лейлек районундагы аңчылык корукчасы (заказниги). Түркстан кыр­ка тоосунун түндүк капталында, Лейли-Мазар, Жети-Көпүрө, Өрөм сууларынын алабындагы тоо капталдарын ээлейт. Аянты 15,0 миң га. Азайып бараткан доңуз, чүткөр, элик, тоо эчки, улар ж. б. жаныбарларды коргоо ж-а көбөйтүү максатында 1973-жылы уюшулган.