КАРА-САЙ (Чоң Нарындын сол куймасы)
КАРА-САЙ – Чоң Нарындын сол куймасы. Жети-Өгүз районунун аймагы м-н агат. Узундугу 61 км, алабынын аянты 845 км2. Ак-Шыйрак тоо тоомунун түндүк-батыш капталындагы мөңгүлөрдөн башталып, түштүк-батышты, түштүктү, андан кийин батышты карай агат. Башталышында кап-

чыгай аркылуу өтүп, тоодон чыкканда нугу кумдуу келип, саздуу өрөөн м-н агат да, салааларга бөлүнүп, Чоң Нарынга сол жактан куят. Ири куймалары: оңу – Ачык-Таш-Төр, Кундай, Кырк- Коо-Суу, солу – Эгиз-Төр, Сары-Төр, Туюк-Чакыр-Корум. Жылдык орточо чыгымы 13,9 м3/сек. Апрелде кире баштап, сентябрь–октябрда тартылат. Эң көп чыгымы июль–августта, азы январь–февралда байкалат.