КАРА-ОЙ БАТКАК КЕНИ
КАРА-ОЙ БАТКАК КЕНИ Ысык-Көл районунда, Кара-Ой (Долинка) кыштагынын түштүк-чыгышында, Ысык-Көлдүн жээгинде. 1957-жылы табылып, 1965-жылы запасы, дарылык касиети аныкталган. Кен көл түбүндөгү чөгүндүлөрдөн пайда болгон.
Үстүнкү катмары (калыңдыгы 0,2–0,3 м) күкүрттүү суутек жыттанган, асты бозомук кара (0,3 м) ж-а боз (0,2 м) ылайдан турат. Алардын астында кум ж-а кум-чополуу ылай жатат. Баткак аз минералдашкан (4,7 г/л), күкүрт суутектүү (100 г баткактагы Н2S 75 мг/лге жетет). Баткактын нымдуулугу 43–53%, 0,25 ммден ири бүртүкчөлөр 0,2%тен ашпайт. Салыштырма салмагы 1,4–1,5 г/см3. Аянты 2200 м2, орт. калыңдыгы 0,7 м. Запасы 74,6 миң т.