КАРА-МЫК
КАРА-МЫК – Ош облусунун Чоң Алай районундагы кыштак. Жекенди айыл округунун борбору. Ак- Суу суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 2360 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Дароот-Коргон кыштагынан 41 км түштүк-батыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 376 км. 19-кылымдын башында негизделген. Калкы 2485 (2007); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, мечит, чек ара заставасы, сейсмология станциясы, байланыш түйүнү бар. Оорукана, үй-бүлөлүк врачтар тобу, соода түйүндөрү, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү иштейт.