КАРА-КӨЛ КОЮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:18, 18 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-КӨЛ КОЮ – куйруктуу, кылчык жүндүү кой породасы. Кара-Көл кою – байыркы порода. Борбордук
Азия эли жергиликтүү койду улам тандоо жолу м-н чыгарган. Негизинен көрпө алуу үчүн багылат. Кара-Көл кою кум чөлдүү ысык шартка байымдуу ке­лип, жыл бою жайытта асыралат. Козусунун

өңү кара (80%), боз, күрөң, сур түстө болуп, улам чоңойгон сайын жүнү кубарып, башы, шыйра­гы кара бойдон калат. Жаңы туулган козула­рынын жүнү тармал болуп, чоңойгондо жанып кетет. Кочкорлору чагарак мүйүздүү, соолугу токол. Кочкорунун тирүүлөй салмагы 55–75 кг, соолугунуку 45–50 кг. Жүнүнүн узундугу 30 смге че­йин жетет. Жылына эки жолу кыркылып, коч­корунан 3,5–3,8 кг, соолугунан 2,0–2,2 кг жүн алынат. Жүнүнөн кездеме ж-а килем токулат. Асыл тукум Кара-Көл кою азыр Украина, Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстанда, ошондой эле Афганстанда, Иранда асыралат.