КАРА-КУЛЖА РАЙОНУ
КАРА-КУЛЖА РАЙОНУ – Ош облусундагы административдик бирдик. Түндүк ж-а түндүк-батышынан Өзгөн, чыгышынан Нарын облусунун Ат-Башы, батышынан Алай райондору, түштүгүнөн Кытай м-н чектешет. Район 1937-жылы уюшулган. Аянты 5,7 миң км2 (Ош облусунун аймагынын 19,6%и). Калкы 87,7 миң (2009). Райондо 11 айыл округу, 43 кыштак бар. Борбору – Кара-Кулжа кыштагы. Жери негизинен тоолуу, Кара-Кулжа ж-а Тар сууларынын алабынан орун алган. Эң бийик жери 4900 м (Үч-Сейит массивинде), эң жапызы –

780 м. Райондун аймагында Фергана тоо тизмегинин чыгыш тармактары (Үч-Сейит, Тасырак- Сай ж. б.), Академик Адышев, Алайкуу кырка тоолору, Алайкуу, Кара-Кулжа, Кулун, Капчыгай, Ажыке өрөөндөрү жайгашкан. Табигый ресурстарынан Кара-Кулжа, Кулун, Терек ж. б. минералдуу суулары, курулуш материалдардын кендери бар. Климаты континенттик. Кышы суук, кар арбын жаайт. Январдын орточо температурасы –10––14,8°С; жайы ысык, кургак, июлдуку 25–15,3°С. Жылдык жаан-чачыны 350–571 мм. Ири суулары: Тар (куймалары: Кулун, Терек, Алайкуу, Акбогуз ж. б.), Кара-Кулжа (Сур-Таш, Тасыракай ж. б.). Көлдөрү: Кулун, Көл-Кайыңды ж. б. Эгилме ландшафт 780–1000 м бийикте. Андан жогору каралжын боз топурактуу талаа (1000–2000 м), кара топурактуу бийик тоо талаасы, токой (2500–3000 м), альп ж-а субальп, гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү.
Райондун аймагында облустун калкынын 7,9% жашайт (2011). Төрөлүүнүн деңгээли 22,8‰, өлүм-житим 5,2‰, табигый өсүш 19,7‰ (2008). Калкынын 46%и эмгек жашына чейинкилер, 45,9%и эмгек жашындагылар, 7,6%и эмгек жашынан өткөндөр. Калкынын 60,9%и деңиз деңгээлинен 1000–1500 м, 18,0%и – 1500–2000 м, 21,1%и 2000–2500 м бийикте отурукташкан. Калктын орточо жыштыгы 1 км2 жерге 15 киши.
Кара-Кулжа районунун экономикасынын негизин мал чарбасы түзөт. Райондо 22,5 миң бодо мал (анын ичинде 12,5 миң саан уй), 116,3 миң кой, эчки, 15,4 миң жылкы, 25,1 миң үй канаттуулары болгон; 9,5 миң т эт (тирүүлөй салмакта), 19,5 миң т сүт, 342 т жүн өндүрүлгөн. Жалпы жер фондусу 571,2 миң га (2000), анын ичинде айыл чарбага жарактуу жери 340,1 миң га (жеринин 59,4%и). Айдоо аянты 13,6 миң га (анын 4,0 миң гасы сугат жер), 0,2 миң га бак-дарактар, 16,1 миң га чабынды, 310,0 миң га жайыт. Дан-эгиндери (7,8 миң га, анын ичинде буудай – 5,0 миң га), картөшкө (0,9 миң га) ж. б. өстүрүлөт (2002).
Өнөр жай тармагы райондун татаал экономикалык географиялык абалына байланыштуу өнүккөн эмес (облуста өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын 0,6%ин берет).«Ак-Терек» АК(тейлөө үйү) иштейт.
Райондо негизинен автомобиль транспорту өнүккөн. Анын аймагынан Өзгөн – Кара-Кулжа – Кызыл-Жар, Кара-Кулжа – Сары-Булак – Гүлчө автомобиль жолдору өтөт. Райондо 2010-жылы автомобиль транспорту м-н жүк ташуу 51,1%ке, жүргүнчүлөрдү ташуунун жүгүртүлүшү 11,1%ке өскөн.

Райондо 49 жалпы билим берүүчү (анын ичинде музыкалык) мектеп, 2 мектепке чейинки мекеме, китепкана болгон. Райондук ж-а 12 участкалык оорукана, учук диспансери, 24 ФАП, 17 үй-бүлөлүк врачтар тобу ж. б. медициналык мекемелер иштейт.