КАРА-КОЮН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:01, 17 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-КОЮН – Ат-Башы суусунун сол куйма­сы. Ат-Башы районунун аймагы аркылуу агат. Узундугу 81 км, алабынын аянты 1820 км2. Ат-Башы кырка тоосунун батыш бөлүгүнүн түндүк капта­лындагы Бел-Кара-Суу ашуусунан башталып, жазы өрөөн аркылуу түндүк-чыгышты карай агат. Суу бойлой созулуп жаткан тектирлердин би­йиктиги 20–30 м. Кара-Коюн суусунун өрөөнү Ат-Башы өрөөнүнүн батыш бөлүгүн ээлейт. Алабынын де­ңиз деңгээлинен бийиктиги 2000–3100 м. Төмөнкү агы­мында нугунун өрөөнү саздуу келип, салаалар­га бөлүнүп, Ат-Башы суусуна куят. Жылдык орточо чыгымы 1,38 м3/сек. Эң чоң чыгымы июль– августта (40,3 м3/сек), эң азы февраль–мартта байкалат. Апрель–сентябрда кирип, октябрь– мартта тартылат. Негизинен кар, мөңгү ж-а булак сууларынан куралат. Ири куймалары: Бурган-Суу, Чойчап, Бел-Тепши (сол); Ичке, Таш-Рабат, Шырыкты, Баш-Келтебек (оң). Бо­юнда Кара-Суу, Казыбек, Ак-Талаа, Кызыл-Туу, Кара-Булуң, Дыйкан, Жаңы-Күч кыштактары жайгаш­кан. Сугатка кеңири пайдаланылат.