КАРА-КАЗЫК АЛТЫН КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:51, 14 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-КАЗЫК АЛТЫН КЕНИ Ош облусунун Алай районунда, Көк-Суунун сол жээгинде, Кара-Казык суусунун Көк-Сууга куйган жерине жакын, де­ңиз деңгээлинен 3350–4300 м бийикте. 1977-ж. табы­лып, 1982-ж. чейин издөө-баалоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы карбон-пермь мезги­линдеги кара казык, пермдеги алаудин, улакол интрузиялары м-н жирелген девондогу доломит­терден, карбондогу акиташ, мрамор, кумдук, сланец, конгломерат катмарларынан түзүлгөн. Кенташ карбон-пермь гранодиоритин курчап жаткан тектер, доломит-акиташ, акиташ-сла­нец формация аралык чек аралар ж-а интрузияга чектеш майда жаракалар м-н байланышкан. Кен магмадан кийин пайда болуп, скарн тиби­не ж-а скарн-алтын-жез формациясына кирет. Негизги минералдары: нукура алтын, халькопи­рит, борнит, кофелин, пирит, арсенопирит ж. б. Кенташтагы алтындын орточо өлчөмү 10,1 г/т, күмүш – 41,9 г/т, жез – 0,88%. Кенташтын за­пасы 4297 миң т, алтындыкы 43,599 т, күмүш – 180,105 т, жез – 38114 т.