КЕҢ-КОЛ МАРМАР КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:22, 13 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Lera moved page КЕҢКОЛ МРАМОР КЕНИ to КЕҢ-КОЛ МАРМАР КЕНИ) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕҢ-КОЛ МАРМАР́МОР КЕНИ Талас районунда, Талас шаарынан 15 км түндүк-чыгышта, Талас Ала-Тоосу­нун түндүк капталындагы Кең-Кол өрөөнүндө. 1968-жылы табылган. Кен аймагын рифейдеги ме­таморфизмделген тоо тектер түзөт. Мармар кени сланецтердин арасында жатат. Пайдалуу кат­марлардын калыңдыгы 70–150 мден 330–410 мге чейин, узундугу 11,5 км. Өңү боз, күрөң, ак, саргыч боз, кызгылтым саргыч, жол-жол темгилдүү. Блоктуулугу 0,5 м3ге чейин. Жакшы сайкалданат. Запасы 3 млн м3. Кооз буюмдарды жасоого, ду­балды кооздоп каптоого колдонсо болот.