КЕРБЕН (жүктүү унаалар тобу)
КЕРБЕН – соода кылуу максатында узак жол тартуучу жүктүү унаалардын (көбүнчө төөлөрдүн) тобу. Кербен тарткан адамдар кербенчи, башкарган адам кербен башы деп аталган. Баруучу жолду мыкты билгендиктен, жол баштоо, зарыл нерселер менен камсыз кылуу кербен башынын милдетине кирген. Кербенди түзгөн жүктүү төөлөрдү 5–9дан чиркештирип, алдыңкысы менен эң арткысына чоң коңгуроо тагып, астында бир адам жол баштаса, артында бир адам жүктөргө көз салып, оогон-кыйшайгандарын оңдоп-түздөп, төөлөрдү айдаган.

Кербенчилер жол боюндагы кербек сарайларга түнөшкөн (мисалы, Борбордук Теңир-Тоо аркылуу Улуу Жибек жолу боюнча өткөн кербенчи-саякатчылар Таш- Рабат кербен сарайына токтоп өтүшкөн). Байыртадан Жакынкы Чыгыш жана Орто Азия, Африка элдеринде кербен менен соода кылынган саякат жасалган. Сооданын өнүгүшүнө, маданияттын таралышына, элдердин өз ара байланышына, жакындашуусуна зор өбөлгө түзгөн.