КЕНЖЕКАРА
КЕНЖЕКАРА Калча уулу (1859, Чүй өрөөнү – 1929, Фрунзе) – семетейчи жана кыл кыякчы.
Кенжекара башка семетейчилерден «Семетей» эпосун кыл кыяктын коштоосунда айткандыгы менен өзгөчөлөнгөн. 1903-жылы Орус география коому кыргыз жергесине илимий экспедиция уюштуруп, ага сүрөтчү Б. В. Смирнов менен этнограф-окумуштуу

А. Т. Белинский катышкан. Алар Кенжекаранын кыл кыяктын коштоосу менен аткарган «Семетей» эпосунан «Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшүн» жана «Ак- Бала баатыр жөнүндө ыр» деген чыгарманы жазып алып, орус тилине кара сөз түрүндө которуп жарыялашкан. Кенжекаранын айтканын Атайбек деген тилмеч которуп берген. Котормо 1914-жылы Москвада «Түркстан талааларында» деген ат менен китеп болуп чыккан. Сүрөтчү Кенжекарадан уккан сюжет боюнча Семетей менен Айчүрөктүн сүрөтүн тарткан жана семетейчинин өзүн эпостун үзүндүсүн кыл кыяктын коштоосу менен аткарып жаткан учурунда сүрөткө тартып алган. Китепте «Семетейди» кырк күн, кырк түн айта ала тургандыгы эскертилген.