КЕМБРИЖ
КЕ́МБРИЖ , К е й м б р и ж – Америка Кошмо Штаттарынын түндүк-чыгышындагы шаар. Массачусетс штатында, Бостондун шаар айланасы. Калкы 101,3 миң (2008). Чоң Бостондун курамына кирет. Америка Кошмо Штаттарынын ири илимий-изилдөө жана окуу борбору. Кембрижде Гарвард унверситетинин кампусунун бир топ бөлүгү, Массачусетс технологиялык институтунун архитектура комплекси, Искусство жана билим академиясы (1780), Лонги музыка мектеби (1915; консерватория), музейлер бар. Машина куруу, резина, полиграфия өнөр жай ишканалары иштейт. Жогорку технологиядагы продукция чыгаруучу компаниялардын штаб-квартиралары жайгашкан. Фотоаппараттар («Polaroid», 2008-жылдан санариптик аппараттарга өткөрүлгөн) чыгарылат. Шаар 1630-жылы негизделген.

Куперлердин жыгач үйү (1681–1682), Христ чиркөөсү (1759–1761), Э. Оливердин үйү (1767), Булфинч аянтында калк китепканасы, башка курулуштар сакталган.