КАРА-БҮРГӨН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:08, 13 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-БҮРГӨН , Ө з г ө р ү ш – Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы кыштак. Кара-Бүргөн айыл округуна караштуу. Жаман-Дөбө суусунун бо­юнда, деңиз деңгээлинен 1865 м бийикте жайгаш­кан. Райондун борбору Баетов кыштагынан 28 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 328 км. Кыштак 1929-жылы негизделген. Калкы 2191 (2022); негизинен мал м-н алектенет. Орто мек­теп, китепкана, клуб, ФАП, мончо бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эс­телик тургузулган. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баа­тыры К. Жүзмамбетов туулган.