КАРА ТОПУРАК
КАРА ТОПУРАК – шалбаалуу ж-а токойлуу талаа зоналарында көп жылдык чөптүн чиришинен пайда болгон топурак түрү. Органикалык заттарга бай, гумустуу катмарынын өлчөмү 4–6%тен 9–10%ке чейин жетет. Кара топурактын курамында кальций туздары м-н чополуу чөкмө породалар бар. Кара топурактын пайда болуу процессинде минералдар чопого айланып, анын үстүңкү катмарында биохимиялык кубулуштардын таасири м-н кыртыштын курамында түрдүү заттар, гумин кислоталары ж. б. азык заттар пайда болуп, кыртыштын күрдүүлүгү артат. Кара топурактуу жерлерге дан эгиндери, жүгөрү, көп жылдык чөп, мөмө-жемиш токою өстүрүрүлөт ж-а жайыт өсүмдүктөрү жакшы өсөт. Кара топурак гумустуу (чиринди) катмарынын калыңдыгына жараша өтө калың (150–180 см), калың (80–120 см), орточо калың (40–80 см), жука (40 см) болуп бөлүнөт. Кара топурак Жер шарында үч суббореалдык областка бөлүнөт: Евразия, Түндък Америка ж-а Түштүк Америка. Кыргызстанда кара топурак Ысык Көл өрөөнүнүн чыгыш райондорунда, Чүй, Талас, Кемин өрөөндөрүндө, Нарын облусунун Нарын, Ат-Башы ж-а Тогуз-Торо райондорунда көбүрөөк кездешет.