ДЕУРБАНИЗАЦИЯ
ДЕУРБАНИЗА́ЦИЯ (французча dts – тануу, urbanus – шаардык), д е з у р б а н и з а ц и я – калкынын санынын кыскарышынын жана өнөр жай потенциалынын төмөндөшүнүн негизинде ири шаарлардын ээн калышы. Негизинен өнүккөн мамлекеттердин ири шаарларында табигый жана социалдык чөйрөсүнүн тиричилигинин кескин начарлашынан пайда болот. Өнөр жай ишканаларынын турак жай аймагына жайгаштырылышы, курулуштарынын тыгыздыгы, бак-дарак ж. б. маданий өсүмдүктөрүнүн аянттарынын кыскарышы, абанын жана суу объектилеринин булганышы, ызы-чуунун көбөйүшү ири шаарларда санитардык-гигиеналык шарттын кескин начарлашына алып келүүдө. Натыйжада калктын жетиштүү жашаган катмары шаардын өнөр жайлуу борборунан, анын тегерегиндеги ээн аймактарга, көп кабаттуу үйлөрдөн жер үйлөргө (калктын болжолдуу 86% каалашат) көчүп кетүүдө. Мисалы, Лондондун калкы (болгону 6,6 миллион) 10 жылдын ичинде 10%ке гана кыскарган. Батыш Берлиндин калкы 1970–80-жылдар аралыгында 2121 миӊ адамдан 1957 миӊ адамга чейин кыскарган. Шаар калкынын өтө көп оошуусу 1960–1980-жылдары байкалган. 1980-жылдардын ортосунда бул процесс басаӊдаган. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда социалдык-экологиялык абалга байланыштуу деурбанизация процесси айрыкча майда шаарчаларыбызда (Ак-Түз, Орловка, Майлы-Суу ж. б.) жана борборубузда (өнөр жайлуу борбордук бөлүктөрдөн шаардын чет жакасына) байкалууда.
Н. Алымкулова.