ДЕСНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:29, 13 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕСНА – Россия менен Украина аймактары ар­кылуу аккан дарыя, Днепрдин сол куймасы. Узундугу 1130 км, алабынын аянты 88,9 миӊ км2. Смо­ла-Москва дөӊсөөсүнөн башталып, Канев суу ­сактагычына куят. Жогорку агымында жээги­нин көбү жапыз жана саздуу, Брянск шаарынан төмөн карай оӊ жээги көтөрүӊкү. Сейм дарыясы куйгандан кийин дарыя көп салааларга бөлүнүп, нуктар­ды пайда кылат. Орточо чыгымы 360 м3/сек. Де­кабрдан майдын башына чейин тоӊот. Новго­род-Северский шаарынан тартып үзгүлтүксүз кеме жүрөт. Боюнда Ельня, Жуковка, Трубчевск, Чер­нигов жана башка шаарлар жайгашкан.