КАРА ТАМЫР
КАРА ТАМЫР (Symphyium Тоurn.) – өсүмдүктөрдүн эндиктер тукумундагы көп жылдык чөп. Бийик өсөт, жалбырагы майда тикендүү, кезектешип жайгашат. Гүлү көк, кызгылт, ак, сары, көгүш кызыл. Түндүк Африкада, Азиянын батышында 25тей түрү белгилүү; 10дон ашык түрү КМШ өлкөлөрүнүн Европа бөлүгүндө ж-а Батыш Сибирь токойлорунда кездешет. Эң негизгиси дары кара тамыр ж-а орус кара тамыры. О р у с кара тамырынын жалбырагы жазы, бийиктиги 1 мден ашык, көгүлтүр же сары гүлдүү, тамыры жоон.
кан. Райондун борбору Ноокат ш-нан 6 км түш. тарапта. Ош т. ж. бекетинен 56 км аралыкта. Калкы 8056 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Эки орто мектеп, 2 китепкана, оорукана, бейтапкана, дарыкана, мечит бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода ж-а тамактануу жайлары, кичи устаканалар ж. б. иштейт.