КАРА СУУ
КАРА СУУ – тоо этектеринде же тоо аралык өрөөндөрдө кыртыш сууларынан чыккан булак же чакан агын суу. Суусу тунук, кээде бир аз минералдашкан. Нымдуу, саздак жерлерден, токойлордон агып чыгат да, көптөгөн суулардын башаты болот. Ак суудан айырмасы – кара суудан башталган суулар жайында кирбейт, суусунун тазалыгы ж-а тунуктугу м-н өзгөчөлөнөт. Кыргызстандын аймагында «кара суу» аталган жер-суу, айыл-кыштактардын аталыштары өтө көп.