КАРА КӨСӨӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:47, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА КӨСӨӨ (Ustilafinales) – 1) базидиомицет­тер классына кирүүчү мите козу карындардын катары. Козу карынчасы (плодовое тело) жок, спора пайда кылуу м-н өөрчүйт; 2) ошол мите козу карындар пайда кылуучу өсүмдүк илдети. Бул илдетке өсүмдүктүн жалбырак, сабак, ма­шак ж. б. органдары бүт бойдон же бир бөлүгү чалдыгат. Ал айыл чарбасына көп зыян келтирет. Дүйнөдө кара көсөө илдетин пайда кылуучу көптөгөн мите козу карындар белгилүү. Анын кээ бири өсүмдүктүн белгилүү гана түрүн (сулу, буудай, жүгөрү) жабыркатат. Буудай, кара буудай ж. б. өсүмдүктөрдүн кара көсөөсү өзгөчө зыяндуу. Алардын сабагы м-н кошо өсөт, гүлүнүн мөмөлүгүнө жет­кенде жипчелери каралжын кара көсөө спораларына ажырайт. Жерге түшкөн спорадан 4 споралуу базидия пайда болот. Алар эки-экиден биригип, диплоиддүү абалында кайрадан дан өсүмдүктөрү­нүн өсүндүлөрүнө жармашат. Кара көсөө козу карын­дары келтирген зыяндарына жараша бир нече типке бөлүнөт. Алардын кээ бири өсүмдүк то­пуракта өнүп жатканда, айрымдары өсүмдүк баш алганда же бышып калганда, кээси вегета­ция мезгилинде зыянга учуратат. Каршы күрө­шүү чаралары: өсүмдүктүн кара көсөөгө ж. б. илдетке чыдамдуу сортторун чыгарып, өндүрүшкө кир­гизүү; жогорку агротехниканы колдонуу, өз уба­гында сээп, минералдык ж-а органикалык жер семирт­кичтер м-н азыктандыруу; которуштуруп эгүү тартибин сактоо; тоңдурманы терең айдоо ж. б.