КАРА КЫЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:55, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА КЫЗ (Lappulla Moench) – өсүмдүктөрдүн эндиктер тукумунун уруусу. Бир, эки же көп жылдык бозомтук түктүү чөп. Жалбырагы сыз­гычтай (ланцеттей). Гүлү майда, ачык көгүш, беш мүчөлүү. Топ гүлү – бурулча. Мөмөсү төрт бөлүктүү жаңгакча, илмек тикендүү, ошондук­тан малдын жүнүнө уйгактай жабышат. Түштүк Америка м-н Африкада, ошондой эле Австралия ж-а Түндүк жарым шардын мелүүн алкактарында 50гө жакын түрү кездешет. Кыргызстанда 15 түрү тоо эте­гинде, арык боюнда, аңызда, дың жерде өсөт. Кара кыз уруусунун көп түрү – отоо чөп.