КИТАКЮСЮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:50, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИТАКЮ́СЮ – Япониядагы шаар. Фукуока пре­фектурасынын адм. борбору. Кюсю а-нын түн­дүгүндө, Мурасаки д-нын чатында жайгашкан. 1963-ж. Вакамацу, Кокура, Модзи, Тобата ж-а Явата ш-нын биригишинен пайда болгон. Кал­кы 1,0 млн (2009). Маанилүү жолдор тоому. К. аркылуу «Синкасен» жогорку ылдамдык т. ж-нун «Токайдо – Санъё» линиясы өтөт. «Кюсю» ав­тострадасы аркылуу Кагосима ш. ж-а дүйнөдөгү алгачкы суу астындагы темир (1941) ж-а эки ярустуу автомобиль тоннели (1958) аркылуу (асылма көпүрөсү м-н; 1973) Симоносеки ш. м-н байланышат. Япониядагы эң ири порттордун бири (жылына 109,7 млн т жүк ташылат). Си­моносеки, Мацуяма, Токусима, Кобе, Осака, То­кио ш. ж-а Ульсан, Пусан (Түш. Корея) портто­ру м-н паром аркылуу катташат. Эл аралык аэропорту бар. Кара ж-а түстүү металлургия, кокс-хим., машина куруу (2000-жылдын 2-жа­рымынан өтө жогорку деңгээлде өнүгүүдө; з-ддо­ру: «Toyotа», «Nissan», «Daihatsu», «Mazda»; 2007-ж. 1 млн автомобиль чыгарылган), аскер, жеңил ж-а тамак-аш ө. ж. ишканалары иш­тейт. Шаардын аймагынан көмүр казылып алы­нат. Кокура сепили (1602; 1990-ж. толугу м-н реставрацияланган), Мёкэн синтоисттик, Фуку­сю будда храмдары сакталган. Китакюсю ил.- из. паркы (1996; 9 ИИИ), ун-ттер, ин-ттар, му­зейлер бар. Жыл сайын Кокура Гион майрамы өткөрүлүп турат. Шаарга жакын Хираодай ква­зи улуттук паркы (акиташтуу үңкүрлөрү м-н), ысык булактар бар.