«КИТАБ ал-ХАРАДЖ ва САНАТ ал-КИТАБИ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КИТАБ ал-ХАРАДЖ ва САНАТ ал-КИТАБИ» («Жер салыгы жөнүндө китеп») – тарыхый чы­гарма. 928-ж. жазылган. Автору – Абу-л-Фа­радж Кудама ибн Жафар ал-Басри. Чыгармада Араб халифатынын адм. бөлүнүшү, жол катна­шы, шаарлар, тоолор, өзөндөр, көлдөр, огуздар, карлуктар, кимактар сыяктуу түрк уруулары, алардын жайгашуусу тууралуу маалыматтар чагылдырылган.


Ад.: Крачковский И. Ю. Арабская географическая литература. Избр. соч. Т. 4. М.; Л., 1957; Кумеков Б. Е. Гос удар с т во кимаков IX– XI вв. по ар абским источникам. А.-А., 1972.