«КИТАБ ал-А–ЛАК ан НАФИСА»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:50, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КИТАБ ал-А–ЛАК ан НАФИСА» («Асыл ой­лор китеби») – 9-к-дын 2-жарымы 10-к-дын ба­шында жашап өткөн араб географы Абу Али Ахмед ибн Рустенин энциклопедиялык эмгеги. Ибн Русте Ирандын Исфакан кыш-нда жаша­ган. Бул эмгектин түп нускасы көп томдук, бизге 7 тому гана жеткен. Автор бул китебинде Абу-л-Касым Убайдаллахтын, ибн Хордад­бектин чыгармаларын пайдаланган. Анда астр. ж-а кызыктуу геогр. маалыматтар камтылган. Жерге байланыштуу жети аңыз ж-а деңиздер, өзөндөр (Каспий, Арал деңиздери, Сыр-Дарыя) тууралуу маалыматтар бар.


Ад.: Материалы по истории туркмен и Туркмении. Т. 1. М.; Л., 1939; Крачковский И. Ю. Изб. соч., Т. 4. М.; Л., 1957.