КИРГИЗГИЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:50, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИРГИЗГИЧ (англ. Input device) и н ф о р м а т и­к а д а – берилиштерди компьютерге киргизүүчү түзүлүш. Кеңири таралган К-ке баскыч топ (кла­виатура) тактасы (keyboard) ж-а «чычкан» (mouse) кирет. Клавиатура аркылуу киргизил­ген берилиштер убактылуу компьютер эсинде сакталат ж-а монитордо көрсөтүлөт. «Чычкан» экранга чагылдырылган «чычкан» көрсөткүчү же курсор (жылгыч – pointer) деп аталган ки­чине символду жылдыруу үчүн колдонулат. Жылгыч түрдүү көрүнүштөргө ээ, көп учурда жебе түрүндө көрүнөт. Мис., кол жазманы К. – бас­кыч топ тактасы аркылуу эмес кол м-н жазыл­ган текстти киргизүүчү түзүлүш. Планшеттен сырткары жазуу үчүн үч өлчөмдүү графиктерди түзүү же автоматташтырылган долбоорлоодо колдонулган графиктик планшеттерди пайда­лануу каралган. Мындан сырткары кол жазма үчүн «чычканды» колдонуу мүмкүнчүлүгү да бар.