КИРГЕН СУУ
КИРГЕН СУУ – жыл сайын белгилүү бир мезгилге туура келген (метеорол. шарттарга байланыштуу), узакка созулган суу чыгымынын артышы ж-а ага байланыштуу деңгээлинин көтө- рүлүшү. Суу кирген учурда нугунан ашып, жайылмасын каптап агат. Кырг-ндын сууларынын кирген мезгили жай айлары: июль–август, Казакстан, Россиянын суулары апрель–май айларына туура келет. Суу кирүүнүн себептери: мелүүн климатта – жазгы кардын, тоолордогу кармөңгүлөрдүн эриши; муссондук климатта – узакка созулган жайкы жаан-чачын, тропиктик алкактарда – зенит жаан-чачындары ж. б. Суу киргенде суунун өтө мол болушу суу ташкынына алып келет.