КИПАРИС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:50, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИПАРИ́С – (Cupressus) – кипаристер тукуму­нун дайыма жашыл бадал же дарактар уруусу. Жалбырагы майда, түрпүдөй, өркүнгө жабышып өсөт, чайырлуу бездери бар, жашыл же көгүш түстө. Тобурчагы тоголок, жыгачтуу, көп кыр­луу калкан сымал түрпүлөрү бышканда бир аз ачылат. Уругу жалпак, канатчалуу. К. кооз бак катары аллея жана токойлорго отургузулат. Ай-

рык ча п ирам ида сымал түрчөсү көп

өстүрүлөт. Уругу жана калемчеси, кыйыштыруу ме­нен көбөйөт. К-тин 15–20дай түрү бел­гилүү. Евразия, Түн. Африка жана Түн. Американын мелүүн, жылуу ал­кактарында кезде­шет. КМШ өлкө­лөрүндө 11 түрү, Крымда, Кавказ­дын кара деңиз жээк те ринде , О. Азиянын айрым райондорунда өсөт, дайым жашыл. К. бат өсөт, кургакчылыкка байым­дуу. Анын бийикт. 30 мге, жоондугу 60 смге жетип, 200 ж. чейин өсөт (Крымда 100 ж. че­йин). Жыгачы жеңил, жумшак, буюм жасоодо пайдаланылат.