КИОТО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИО́ТО – Япониядагы шаар. Хонсю а-нда жай­гашкан. Киото префектурасынын адм. борбору. Калкы 1,5 млн (2009). Жол тоому. К. аркылуу «Синка сен» жогорку ылдамдык т. ж-унун «То­кайда – Санъё» (Токио – Фукуока) линиясы ж-а «Мейсин» (Нагоя–Нисиномия) автострада­сы өтөт. Метрополитен (1981). К. 792–94-ж. ку­рулган; 794–1192-ж. Хэйан аталган. 12-да К. ата­лып, 1868-ж. чейин Япониянын борбору бол-

Киотодогу тар көчөлөрдүн бири.


гон; императордун резиденциясы. 1956-жылдан шаар статусуна ээ. Салттуу көөнө көркөм кол өнөрчүлүк (лакталган ж-а коло буюмдар, фар­фор, накта жибек, кооз сайма, диний буюмдар) өндүрүшүнүн борбору. К-до бир нече ири банк­тардын башкы кеңселери, инвестиция-кредит компаниялары ж-а япониялык ө. ж. фирмала­рынын штаб-квартиралары жайгашкан. Маши­на куруу (а. и. текстиль өндүрүшү үчүн жабдуу, мед. ж-а так өлчөөчү аспаптар), түстүү метал­лургия, электр-тех., электроника, хим., фарма­цевтика, полигр., тамак-аш ө. ж. ишканалары өнүккөн. Японияда ЖОЖдун саны б-ча Токио­дон кийинки 2-орунда турат. Шаарда 40ка жа­кын ун-т (а. и. мамл. эместери да бар) ж-а кол­леж, 30дан ашык музей (а. и. улуттук, заман­бап иск-во галереясы), театрлар бар. О. эле 200дөн ашык синтоист чиркөөлөрү ж-а 1500дөн ашык будда храмдары сакталган. Камигамод­зиндзя (11-к.), Симогамодзиндзя (Камомиоя, 7-к.) храм комплекси, Тодзи храмы (8–12-к.), Сайходзи, Тенрюдзи (экөө тең 14-к.), Кинкакудзи («Алтын храм», 14-к.), Гинкакудзи («Күмүш храм», 15-к-дын аягы) ж. б. храмдар, Ндзёдзё ак сарай комплекси (16–17-к.) ж-а К-га жакын жерде жайгашкан Дайгодзи (874-ж.) Самбони (1115-ж.) монастырлары, Бёдоин будда монас­тыры (1000-ж. ченде ак сарай катары негиздел­ген; 1052-жылдан монастырь; башкы имараты – «Феникс залы») Бүткүл дүйнөлүк мурастын тиз­месине киргизилген. Туризмдин маанилүү бор­бору (жылына 42 млндон ашык, анын 11 млну түнөп кетет, 2002). Жыл сайын театр фестивал­дары өткөрүлүп турат.