КИНШАСА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИНША́СА – Конго Демокр. Респ-нын борбору, шаар. Конго (Заир) д-нын сол жээгинде жай­гашкан. Калкы 9,2 млн (2008; өлкөдөгү эң ири шаар). Ири жолдор тоому. Дарыя порту. Мата­ди деңиз порту м-н автомобиль, т. ж. Бразза­виль (Конго Респ.) м-н паром аркылуу байла­нышат. Эл аралык аэропорту бар. Шаардын экономикасынын негизин тейлөө чөйрөсү акы­рындык м-н ээлөөдө. К-да өлкөнүн ири банкта­рынын офистери, чет өлкөлүк банктардын

Шаардагы башкы көчө.

өкүлчүлүктөрү жайгашкан. Машина, кеме ку­руу ж-а ремонттоо, металл иштетүү, жыгаччы­лык, хим. (пластмасса, шина, самын), металл иштетүү, тамак-аш (ун, май), булгаары–бут кийим, жеңил, курулуш материалдар ө. ж. ишканалары иштейт. Кустардык кол өнөрчүлүгү (бет кеп, жыгач ж-а карапа буюмдары, паль­ма рафиясынан согулган буюмдарды даярдоо) өнүккөн. Шаар 1881-ж. африкалык изилдөөчү Г. Стэнли тарабынан негизделген. 1926–60-ж. чейин Леопольдвиль аталган. 1966-жылдан азыркыдай аталат. 1971–97-ж. Заирдин, 1997- жылдан Конго Демокр. Респ-нын борбору. Улут­тук ун-т (эң ири китепканасы, ядро изилдөө борбору ж-а тарыхый-этногр. музейи м-н), ил. ин-ттар (а. и. география, тропик медицинасы, геология кызматы), көркөм иск-во улуттук ака­демиясы, музей, театр, о. эле бир нече мамл. эмес ЖОЖ (а. и. Америка, протестант ж. б.) бар. Зоопарк уюштурулган. Эл аралык театр фестивалдары ж-а күндөрү өткөрүлүп турат.