КИНОТЕАТР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:50, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИНОТЕА́ТР – фильм көрсөтүү үчүн атайын курулган коомдук имарат (же имараттын бир бөлүгү). Ал көрүүчүлөр үчүн экрандуу зал, фойе, касса, вестибюль, кино көрсөтүүчү аппарат ор­нотулган бөлмө ж. б. жайлардан турат. К. ал­гач 1895-ж. пайда болгон. Күндүзгү, панорама­луу, кең экрандуу, стерео-, өлчөмдүү (3 D), үстү ачык жайкы ж. б. К-лар бар. Бишкекте «Ала- Тоо», «Россия», «Манас», «Октябрь» ж. б. К-лар иштейт.